Бүт бойдон эмес, жартылап, толук бойдон эмес, чала-була. Чанагында буланын жарым-жартылайы калып убара кылат (Байтемиров). Жарым-жартылай каражат камдап коюптур («Чалкан»).
ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ ЖӨНДӨМДҮҮЛҮК – 14төн 18 жашка чейинки жашы жетелектердин жана 6дан 14 жашка чейинки жаш өспүрүмдөрдүн жөндөмдүүлүктөрү (кара:Жарандын аракетке жарамдуулугу).
ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ КОНВЕРТИРЛЕНГЕНДИК (ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ ӨЗ БААСЫНА КЕЛҮҮ) – валютанын ортолук режимде айлануусу. Жарым-жартылай өз баасына келүү бул валютанын белгилүү гана кармоочуларына таратылат жана айрым аткарымдар аймактык мүнөзгө ээ болушу мүмкүн, б. а. өлкөлөрдүн белгилүү чөйрөсү, жекече алганда валюталык аймактын алкагы менен чектелет.
Частично конвертируемые валюты (Partly convertible currency) —Валюты стран, в которых применяются ограничения на операции по обмену их валюты на другие валюты.
ЖАРЫМ-ЖАРТЫЛАЙ ӨТҮМДҮҮ ВАЛЮТА – резиденттер үчүн жана алмашуу аткарымдарынын айрым түрлөрү боюнча валюталык чектөөлөр колдонулуучу өлкөлөрдүн улуттук валютасы; эреже катары, ал айрым чет өлкөлүк валюталарга гана алмаштырылат жана эларалык төлөм жүгүртүүсүнүн кээбир түрлөрүндө колдонулат.